29-апрелде Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын Кожоке орто мектебинде окуучулар арасында «Биз, жаштар, экстремизмге жана терроризмге каршыбыз!» деген аталыштагы мелдеш жыйынтыкталды. Ал спорттун бокс түрү боюнча өткөрүлүп, Ноокат РИИБи тарабынан уюштурулган.
Ага райондун аймагындагы бардык мектептерден келген окуучулар катышты.
Мелдештин максаты - жаштарды спортко үндөп, ар кандай жаман жоруктардан алыс болуп, экстремизм жана терроризм деген эмне экендиги жөнүндө түшүнүк берүү.
Жеңүүчүлөр Ноокат РИИБи тарабынан даярдалган грамоталарды жана баалуу сыйлыктарды алышты.