Америкалык мушкер Флойд Мейуэзер Улуттук баскетбол ассоциациясында ойногон (УБА) “Лос-Анжелес Клипперс” командасын сатып ала турганын жар салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. Маалыматка ылайык, мушкер бул ири сатып алууга өзүнүн миллиардер достору жардамга келерин билдирген.
Кошумчалай кетсек, мушкердин мындай чечими клубдун учурдагы кожоюну Дональд Стерлингдин спорт тармагында өмүрүнүн акырына чейин иштөөсүнө тыюу салынганына жана 2,5 миллион доллар айыпка жыгылганына байланыштуу. Стерлингге карата айып ММКларда анын телефон сүйлөшүүсү жарык көргөн соң коюлган. Анда ал өзүнүн сүйүктүүсүнөн кара терилүү жарандар менен сүрөткө түшпөөсүн суранган. Бул жорук көптөгөн талкууларды жаратып келет.