Жогорку Кеңештин депутаты студентке убада кылган унаасын тапшырды (фоторепортаж)

Эске салсак, 22-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн “КУУ периси жана мырзасы-2014” сынагында калыстар тобунун төрагасы болгон ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев студенттин велосипедин өзүнө белекке берүүсүн өтүнүп, анын ордуна Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа тартуу кыларын убада кылган эле. Бүгүн, 30-апрелде депутат Бакыт Төрөбаев айткан сөзүнө туруп, Кыргыз улуттук университетинин студенти Бекзат Самаган уулуна Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды. Ал эми Бекзат депутатка өз велосипедин тартуу кылды.

"Менин оюмча, КУУда эң мыкты студенттер окуйт. Мен үчүн буга чейинки уюштурулган иш-чарага катышуу да жагымдуу болду. “КУУ периси жана мырзасы-2014” сынагында Бекзат сахнага чыгып, “депутаттар бюджеттик каражатты үнөмдөп, велосипед айдашса” деп тамашалаганда залдагылардын баары кол чапкан эле. Ошол учурда менде анын велосипедин унаага алмаштыруу боюнча ой пайда болду. Бул унаа Бекзаттын жана анын жакындарынын жакшылыктарына кызмат кылсын”,- деди депутат өз сөзүндө.   

Ал эми Бекзат Самаган уулу: "Мен аябай кубанып жатам, унаамды үйгө айдап келип, учурда аны улам айланчыктап жүрөм. Ата-энем да аябай толкунданып, "Кантип эле ушундай болсун?" деп, дагы эле ишенбей жатышат. Тууган, тааныштарым да улам чалып, "Тамашабы же чынбы?" деп сурап жатышат",- дейт кубанычын жашырбай. 

Анын айтымында, велосипедин кыя албай жатып берген. Себеби аны 5 жылдан бери жасалгалап тээп жүрүп, ага аябай байланып калган эле. 

"Бакыт агай бул велосипедди жумушуна айдап барат деп ишенгим келет. Эгер ошондой болсо, башкалар андан үлгү алып, акыры ЖКдагы бардык депутаттар бюджеттин каражатын үнөмдөө максатында велосипедге отурат деген үмүтүм бар",- дейт студент.  

Унаанын ачкычын тапшыруу учурунда ЖКнын депутаты июль же август айында Бишкектен Ысык-Көлгө чейин веложүрүш болуп, ага өзү катышарын билдирди.

Бекзат келген коноктордун баарына ыраазычылык билдирип, “Кара жорго” бийин аткарып берди.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Supataev.Salamat
2014-05-01 03:47:11
Озунун тууганы эмеспи
+6
snegurochka11
2014-05-01 04:02:09
Эркек!Мужик сказал,мужик сделал!Молодец!!!
-8
Revolyutsioner
2014-05-01 05:04:51
Азыркы заманда мышык бекер автобуска тушпой калган, белекке 1 машине берсе, куткону андан да коп экен, Бакыт Торобаев Чыныбай Турсунбеков экоо ун кожоюндары Кыргызстандын, 800 сомдук ундун баасын жок жерден 1200-1500го которуп байлыгын 2 эселеп алышты! кечооку муниципиалдык шайлоолордо туштуктун шайлоо комиссиялары, жергиликтуу администрация, милиция толук "Онугуу" учун иштешти, тизмеде жок адам "онугууго" добущ берип жаткан жеринен кармалып, милицияга карматышса алар кайра койо бериптир!!!
+10
Revolyutsioner
2014-05-01 05:13:46
Мен кубо болгон окуя шаарда кечке "карусель" иштеди 2012 ноябрь шайлоосунда! Онугуу партиясы акчаны аянбай чачышты, 500-1000 сомдон добущ сатып алып жатышты. Тизмеде жок адамдар келип добущ берип жатышты, шайлоо комиссиялары оздору ошого жол коюшту,эгер ошол шайлоодогу кол коюлган тизмедеги паспорт номерлери менен ошол адамдардын чыныгы паспорт № текшеришсе 70%ти дал келбейт, анткени "Онугуу"нун жениши учун шайлоого келбегендердин ордуна башка эле адамдар добуш беришкен щайлоо комиссиясы чогуу
+10
Revolyutsioner
2014-05-01 05:20:34
2010 жылкы шайлоодо партиялар канча акча сарптаганын билесинерби, кийин бийликке келген сон ошол акчааларды казынадан, Кумтордон, кресло сатуудан, Кыргызстандын байлыгын сатуу менен 5-10 эселеп кайтараарын билбейсинерби? Торобаев бийликке Бабанов менен келген миллиондорду сапырып, кийин ашыгы менен ордун жапты, эми кайра сапырып жатат эртен кайра 5-10 эселеп кайтаруу учун. 1 машине берсе казынадан, кумтордон, кресло болуштуруудон 5 машине кылып кайтарып алат, ал эми силер суйуносунор байкуштар
+14
Revolyutsioner
2014-05-01 05:25:26
Эгер ЖКдагы 120 жеп-жутар мамлекеттик машинелерден баш тартып жумушка такай велосипед менен келип кетишчуу болсо кулагын кесип берууго 100 адам даяр!!! Казынадан уурдаган акчалардын бир чекесине машине алып белекке берип жакшы адам болуп корунуу ХХХ да колунан келчу иш!!!
+14
abaychik
2014-05-01 18:10:26
Revolyutsioner, дааа туура айтасын.
0
leben
2014-05-01 09:57:47
Атагын чыгаргысы келген
-2
admin_portal
2014-05-01 11:38:47
Revolyutsioner - 20 күнгө БАН!
1. Улуттар аралык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга;
2. Далили жок, такталбаган маалыматтарды жазып кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген сөздөрдү жазууга;
3. Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
0
kaniet
2014-05-01 12:34:34
Ичинер куйсо туз эалагыла. Канткен кундо да улгулуу иш жасады.
0
kg-zzzzz
2014-05-01 12:49:43
жыпара1415 сиз мынча ичиниз тар адамсыз депутаттар элге белек берсе да жакпайт элден пара алышса да жакпайт сиздин ойунузча кандай иш кылышы керек анда?
+1
Sayasatchy0001
2014-05-01 14:44:59
онугуу партиясы улуттар биримдиги менен бирге .Бакыт байке Мелис Мырзакматовдой журогу таза карапайым элдин арасынан чыккан.жаштарды колдогонун коро албагандар коп .кайсы депутат ушундай кадамга барды айткылачы,бул да болсо жаштардын утугу.кайсы депутат велосипедке машина алмаштырды .алмаштырмак карыз сурап барсан да бербейт
+3
youngyoung
2014-05-01 14:50:04
Он рулдуу унаабы?
0
classica
2014-05-01 15:23:32
"А" дейбиз "Б" дейбиз... он рулдуу болсо да алып берди жоктон коро жогору ошонусуна да шугур деш керек туугандар
+1
classica
2014-05-01 15:27:12
депутатта запаста болсо болгондур бирок студент учун бул эстелик болуп калат да "Муну мага ЖКнын депутаты берген деп..."
+2
Topcubai
2014-05-02 12:36:23
аззаматсыз Бакыт байке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан