Баткен медицина кызматкерлеринин арасында «Эң жакшы умай эне», «Мыкты мээрман эже» аттуу облустук кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чара Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында өтүп, буга чейин район, шаарларда өткөрүлгөн кароо-сынакта жеңүүчү деп табылган умай эне, мээрман айымдар катышты.
Анда катышуучулар өздөрүнүн профессионалдык деңгээлин көрсөтүп, чыгармачылыктарын тартуулашты. Маалым болгондой, иш-чара Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында уюштурулду.