Баткен районунун Ак-Сай айылында 7-май күнү саат 19:00 чамасында сел жүрдү. Муну бүгүн, 8-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Селдин кесепетинен 150 метр узундуктагы унаа жолу сел калдыктарына толуп, 6 гектар айдоо жерлери ылай алдында калды. Ал эми Кыштут айылында 6-майда Көк-Сай сайынан сел жүргөн. 8 үйдүн чарбактарына сел суулары кирген. Кыштут-Таян-Чарбак айылдарына баруучу каналдын суу буруучу дамбасын сел жууп кеткени белгилүү болду.
Кыштут айылындагы унаа жолунун 2 чакырым аралыгы ар кайсы жеринен бузулду. Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 12 жерин сел жууп кеткен. "Тазалоо иштерине жеке менчик 1 самосвал, 1 экскаватор тартылып, иштер жүргүзүлүүдө",- деп билдирет ӨКМ.