Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 69 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн иш планы иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облустун бардык райондорунун жана айылдык аймактардын борборлорунда салтанаттуу майрамдык концерттер, спорттук оюндар уюштурулуп, ардагерлерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан акчалай сыйлыктар жана азык-түлүктөр тапшырылат.