Бишкекте укук коргоо органдары согуштун жана эмгектин ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты

Борбор калаада бүгүн, 8-майда Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Бишкек ШИИББинин жетекчилиги, Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, согуш жана оорук ардагерлери катышты.
 
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрайымы Кожобекова Зулайка: "Сиздер өз колуңуздар менен фронтто согушуп, оорукта эмгектенип, бизге улуу жеңишти алып келдиңиздер. Азыркы тынчтык, бейпилдик жашоону тартуу кылган ардагерлер дайыма эсибизде, биз алар менен сыймыктанабыз",- деди. Иш-чарага катышкан ар бир ардагерге майрамдык белектер тапшырылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан