Ош шаарындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги алгачкы жолу тез жүрүүчү №114-маршруттук каттамын ачты. Бул маршруттук каттам Черёмушка, Анар, Төлөйкөн, Кулатов, Ак-Тилек кичи райондоруна Мамырова көчөсү аркылуу Курманжан датка кичи райондоруна барат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Нурлан Курманбаев билдирди.
Анын айтымында, тез жүрүүчү каттам 10-майда башталды. Унаалардын жүрүү графиги эртең мененки саат 6:30дан 9:30га чейин, ал эми кечкисин 16:30дан 19:00гө чейин шаардыктарды тейлейт.
Учурда каттамда 10 унаа иш алып барып, аралыгы 5 мүнөттү түзөт.
Мындай демилгенин келип чыгышы шаарда жол тыгындардын көптүгүнөн студенттик шаарчадагы студенттер эртең мененки окуусуна убагында бара албагандыгы себеп болгон. Мындан тышкары ушундай эле каттам Манас-Ата кичи районуна да ачылуусу пландалууда.