Ош шаарында Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги шаардагы маршруттук каттамдар арасында элди тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн сынак жарыялаган. Сынак 20-майдан 27-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Нурлан Курманбаев билдирди.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө атайын комиссия баскыч-баскычы менен текшерүү иштерин жүргүзүп, Манас-Ата, Амир-Темир аймактары жана Нариман айылына жүргүзүлүүчү маршруттук каттамдар текшерилип, айрымдарына эскертүүлөр берилди.
Айта кетсек, 1-орунду ээлеген айдоочуга 4000 сом, 2-орунга 3000 сом, 3-орунга 2000 сом акчалай сыйлыктар берилет.