Ош шаарында Энелер күнүн белгилөөгө 250 миң сом акча каражаты бөлүндү

Ош шаарында 19-май күнү Энелер күнүн жогорку уюшкандыкта белгилөө боюнча Ош шаарынын мэринин токтому чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарында Энелер күнүн өткөрүүгө Шаардык каржы башкармалыктан 250 миң сом акча каражаты бөлүнүп, майрамдык иш-чараларды өткөрүү пландалды. Мындан тышкары жыл бою мектептерде жана жогорку окуу жайларда энелер жөнүндө чыгармалар боюнча окууларды өткөрүү, энелерди акысыз медициналык кароодон өткөрүү иштери пландалды.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин Энелер күнүн белгилөө жөнүндө жарлыгы 2012-жылдын 23-апрелинде чыккан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан