2014-жылдын апрель айында «Түндүк электр» кардарларынын электр энергиясы үчүн дебитордук карызы 5,7 пайызга азайды

2014-жылдын 1-майында «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун кардарларынын электр энергия үчүн болгон карызы 487,9 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, апрель айында «Түндүк электр» кардарларынын карызы 29,6 миллион сомго азайган. Башкача айтканда, 5,7 пайызга. Электр энергия үчүн болгон дебитордук карыз 19,5 пайызга төмөндөдү. Бул өзгөчө өнөр жай мекемелер категориясында төлөндү.

Ошондой эле дебитордук карыз айыл чарба колдонуучуларында 7 пайызга, калктын карызы 6,8 пайызга азайтылды. Калган колдонуучулар карызын 4,5 пайызга кыскартышты.

Дебитордук карыздын төмөндөшү бюджеттик уюмдарда да катталды (0,3 пайыз).

«Түндүк электр» ачык акционердик коому тейлеген Бишкек шаарынын тургундарынын апрель айы үчүн дебитордук карыздарын иликтөөдө карызды 7,4 пайызга же 3,6 пайызга азайтышкан. Чүй облусунда электр энергиясынын карызы 21,6 миллион сомго же 9,1 пайызга кыскартылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан