Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы имамдарды аттестациядан өткөрүүнү
пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда аталган башкармалыктын басма сөз
кызматынан билдиришти.
“Өкмөттүн талабына ылайык, имамдарды аттестациядан өткөрүүнү пландап
жатабыз. Бирок анык убактысы белгилене элек. Кыргызстан боюнча 2400гө жакын
имам бар” деп билдирди муфтияттан.
Маалыматка ылайык, аталган аттестациядан казылар да өтмөкчү. Аттестация үстүбүздөгү жылдын
март айында республиканын мусулмандарынын V курултайында бекитилген Аалым кеңеши тарабынан өткөрүлмөкчү.