Кара-Суу районунун Жапалак аймагындагы таштанды төгүүчү жайда дезинфекциялоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
“Аба ырайынын ысыганына байланыштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын адистери айына бир ирет тазалоо иштерин жүргүзүп турушат. Дезинфекциялоого атайын техникалар тартылган. Андан тышкары таштанды төгүүчү жайдын айланасын иретке келтирип, тосуу иштери жүрүп жатат”,- дейт "Тазалык" муниципалдык атайын адистештирилген ишканасынын жетекчиси Талант Капаров.
Айта кетсек, таштанды төгүүчү жайдын жалпы аянты 64 гектарды түзөт.