Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү талапка жооп бербеген жогорку окуу жайлардын лицензияларын алуу иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда маалымат жыйынында министр Канат Садыков билдирди.
Министрдин айтымына караганда, министрлик тарабынан жалпы талапка жооп бербеген бир катар окуу жайлардын лицензиялары сот аркылуу чакыртылып алынмакчы. "Мамлекеттик жогорку окуу жайларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү максатында инвентаризация болот. Ошондой эле учурда министрлик тарабынан окуу жайдагы билим берүүнүн сапатын баалоо үчүн рейтингдик систем иштелүүдө”,- деди К.Садыков.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айына чейин жогорку окуу жайларды текшерүү соӊуна чыккан. Анын толук жыйынтыгы эки жуманын ичинде чыкмакчы.