Бишкекте Энелер күнүнө карата Свердлов районунда майрамдык иш-чара болуп өттү

Бишкекте Свердлов районунун №4-орто мектебинде Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти. Майрамдык иш-чарага Баатыр энелер, Эне даңкы медалы менен сыйланган жана аталган райондо жашаган 150гө жакын энелер катышты. 

Маалыматка ылайык, Свердлов районунда 109 Баатыр эне, Эне даңкы медалы менен сыйланган 39 эне жашайт. Иш-чарага катышкан энелерге Свердлов райондук балдар чыгармачылык борбору даярдаган концерттик программа тартууланып, райондук акимчилик тарабынан ар бир энеге 1000 сом өлчөмүндөгү сыйлык тапшырылды.           

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан