"Көмүр шахтасындагы кырсык тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Министрликтин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам" деп айтылат министрдин көңүл айтуусунда.
Эске салсак, 13-майда шахтада болгон жарылуудан жана өрттөн 238 адам каза таап, 80 адам жаракат алган. Учурда 120га жакын адам жер алдынан чыгарыла электиги айтылууда. Кырсык катталган учурда 2 чакырым тереңдикте 787 кенчи жүргөн.