"Бишкектеги №72-орто мектептин 6-классынын окуучусу Асылбек кызы Айдана криминалдык системге аралашкан",- деп билдирди аталган мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Айгүл Каракойчуева.
Аталган окуучу бул системге аралашканы үчүн атайын каттоого алынганын айтат.
“Мектептин ишеним кат куржуну бар. Ага окуучулардан ар кандай каттар келип түшөт. Алардын арасында 7-8-класста окуган кыздардын ушул системге аралашып жатканы боюнча кат болгон. Биз териштирип отуруп 8-класста окуган 2 кызды, 7-класстагы 11 окуучуну каттадык. Андан сырткары 6-класстын окуучуларынын ичинен Асылбек кызы Айдана да бар экен. Бул тууралуу биз фактыларды таптык”,- деди Каракойчуева.
Бул боюнча активист Сабыр Мамбетов оюн төмөндөгүчө билдирди:
"Мейли, криминалдык системге аралашкан дейли. Бирок азыр кичинекей кыз. Бул тууралуу ал эч нерсени түшүнбөйт. Алгач мугалимдер аны күнөөлөгөндүн ордуна Айдана жана анын ата-энеси менен сүйлөшүп, түшүндүрүшү керек. Тескерисинче, мугалимдер өздөрү алардан акча талап кылып жатышат. Ошон үчүн мен мектеп жамаатын жумуштан бошотууну талап кылуудамын".