14-майда Ош технологиялык университетинде студент кыздар үчүн “Кийинүүнүн тартиби жана үлгүлүү айым” деген аталыштагы тарбиялык саат болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Аны окуу жайдын экономика жана башкаруу факультетинин Аялдар кеңеши уюштурган. Мында окуу жайдын жалпы кыздары катышты. Ага конок катары стилисттер жана дин жолунда жүргөн айымдар чакырылган.
Маалым болгондой, иш-чарада кыздардын көчөдө өздөрүн алып жүрүүсү, коомдогу орду жана кийинүү тартибине басым жасалды.
Жолугушууда чакырылган “Ак жүрөк” кризистик борборунун адиси Асылжан Камбарова: “Кыздар азыркы учурда мода кууп, чыгыштын модалуу кийимдерин кийишүүдө. Биз ага макулбуз. Бирок тарыхыбызды карап, кыргыздын кыз-келиндеринин улуттук кийимдерин да унутпашыбыз зарыл. Ошондуктан азыркы заманбап кийимдердин жакшы жактарын гана алып, узун жана жарашыктуулугун тандашыбыз керек”,- деп баса белгиледи.