Кыргызстанда жогорку окуу жайларынын рейтингдик тутуму иштелип чыгат

2014-жылдан тарта жогорку окуу жайлардын рейтингдик тутуму иштелип чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда өткөн тегерек столдо КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

“Рейтингдик тутумду иштеп чыгууну колго алып, жалпы элге тартуулайбыз. Калк окуу жайлар тарабынан билим берүү программаларын ишке ашыруу деңгээли боюнча толук маалымат алышы керек”,- дейт К.Садыков.

Анын айтымына караганда, ата-энелер жана абитуриенттер тандоо укугун пайдалануу менен мыкты, сапаттуу билим берген жогорку окуу жайларын тандаганга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан