Каракол шаарынын жаш активисттери өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев менен жолугушту

Каракол шаарынын активисттери КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев менен жолугушту.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Караколдун жана жалпы облустун көйгөйлөрү талкууга алынды. Жаштар экологиялык жана санитардык коопсуздук, таза суу менен камсыздоо, туризмди жана спортту өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Э.Каптагаев өз кезегинде “Эгер өзүңөрдүн демилгеңерди ишке ашырыш үчүн чыныгы каалооңор болсо, биз аларды, албетте, колдойбуз. Сөз менен бардыгын айтсак болот. Бирок иш-аракет кылыш да керек” деп айтты активисттерге.

Мындан тышкары ал жаштарга Караколдун мэриясында тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн түзүүнү колдоду.

Бул тууралуу бүгүн, 15-майда КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан