"Учурда Азия медициналык институтунда жана Кыргызстандагы Москва ишкердик жана укук университетинин филиалындагы окутуу процессинин уюштурулгандыгы начар болгондуктан жана тиешелүү бир катар талаптарга жооп бербегендигинен улам алардын лицензияларын алуу боюнча маселе көтөрүлүүдө. Ушундан улам аталган окуу жайлардын өкүлдөрү министрликти сотко берүүдө",- дейт К.Садыков.
Эске салсак, аталган окуу жайларда айрым тайпаларында бирден студент окуганы, студенттердин сабакка катышуусу 39,5 пайызды гана түзгөнү жана окутуучу курам тиешелүү деңгээлге жооп бербегени аныкталган.
“ЖОЖдордун сапатын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн бир айлыктын натыйжасында Кантта жайгашкан Азия медициналык институтунун лицензиясынын мөөнөтү 3 айга токтотулду. Себеби комиссия анын окутуу процессинде бир канчалаган мыйзамга туура келбеген фактыларды аныктады”,- дейт К.Садыков.
Эгер аталган окуу жайлардын лицензиялары сот аркылуу чакыртылып алынса, ЖОЖдун администрациясы студенттердин документтерин колуна берүүгө тийиш болот жана алар өз адистиги боюнча тийиштүү ЖОЖго которулмакчы.