Кыргызстанда 130дан ашуун мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж

Кыргызстан боюнча оңдоого муктаж мектептердин тизмесинде 135 мектеп турат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда өткөн тегерек столдо КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

"Билим берүү жана илим министрлигине оңдоп-түзөөгө муктаж болгон 135 мектептен арыз келип түштү. Алардын имаратын түртүп, ордуна жаңы мектеп салуу учуру деле жетип калды. Бирок бюджеттин тартыштыгына байланыштуу курула турган мектептин катарына болгону 47 гана мектеп киргизилген",- дейт К.Садыков.

Анын айтымына караганда, оӊдоого муктаж мектептердеги балдар эски имараттарда билим алууну улантып келишет. Ал эми маселени чечүүгө каржы маселеси тоскоолдук кылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан