Бишкекте бүгүн, 15-майда “Пантера” адистештирилген отрядынын базасында аскердик “Эр жигит” шаардык сынагынын финалдык мелдештери өттү. Бул тууралуу бүгүн мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык мелдештерге райондук конкурстун жеңүүчүлөрү, Бишкек шаарынын орто мектептеринин 11-класстарынын окуучулары катышты.
Финалдык мелдеште 14 жигиттен турган 4 команда күч сынашты. “Эр жигит” сынагы жашоонун сергек мүнөзүн жайылтууга жана жаштарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөөгө даярдоого багытталган. Иш-чараны КРнын Улуттук гвардиясы уюштурду. Ага Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана Улуттук гвардиянын улук офицерлери катышты.