Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги акча жыйноону жоюу боюнча сунуштар кирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.
“Бала бакчаларда балдарды орноштурууда акча жыйноо боюнча нормативдүү укуктук актыларды киргизүүнү пландоодобуз. Аны менен бирге мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жеке жоопкерчиликтерин да күчөтөбүз. Айрым бала бакчаларда жалпы нормаларга карабастан, акча алуу менен балдарды кабыл ала беришет. Учурда эч ким өзгөртө албаган ачык электрондук кезек системинин үстүндө иштеп жатабыз”,- дейт К.Садыков.
Аталган системдин алкагында 1 жашка толгон балдар бала бакчага каттоого алынмакчы. Ал бала 3-4 жашка чыккыча бала бакчага кезеги келип, ал автоматтык түрдө ал жакка орноштурулмакчы.
“Аталган систем алкагында министрлик бала бакчага кезекке канча бала турат, канчасы бала бакчага барып жаткандыгы тууралуу толук маалымат алууга шарт түзүлөт”,- деп кошумчалайт министр.