Ош шаарында Чек ара кызматынын эл аралык талапка жооп берген Кинология борбору иштеп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Ош жана Жалал-Абад чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын чек ара кайтаруу бөлүмүнүн зардалы Максат Смадилов билдирди.
Анын айтымында, аталган борбордо 100гө жакын ит бар. Мекен чегинде жүргөн жоокерлерге үйрөтүлгөн иттер чек ара бузуучуларды кармоодо жана көзөмөл-өткөрүү жайларында баңгизат же жарылуучу заттарды табууда чоң жардам берет. “Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы менен чек арачылар биргелешип иш алып барышат. Ал эми бул иттердин жардамы менен жакында эле бир жарандын үйүнөн баңгизатын таап чыгышты. Бул иттер дайыма чек арачынын жанында жүрүшөт”,- дейт ал.