Бишкекте 19-май күнү Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын 20 жылдыгына арналган жыйын өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда элчиликтин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Аталган иш-чарага эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү, Кыргызстандын парламент мүчөлөрү, жарандык активисттер, эл аралык уюмдардын жооптуу кызматкерлери жана журналисттер катышары күтүлүүдө.
Маалыматка ылайык, 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, жеке секторду өнүктүрүүгө 18 миллиард сомдук техникалык, каржы жана гуманитардык жардам көрсөткөн.