Бүгүн, 22-майда Жалал-Абад шаарындагы «Таштемиров» көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери уланууда. Буга байланыштуу шаардагы Жеңижок, Энергетик, Победа, Нижний Арал, Олимпийский, Ирригатор көчөлөрүндө жана 704-ички аскер бөлүгүндө, Дүлөйлөр жана көзү азиздер үйүндө, Көк-Арт кичи районунда, Манас проспекти жана Сузак районуна караштуу Лавданкара айылында саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы берилбейт. Бул тууралуу «Жалал-Абад электр» ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай оңдоп-түзөө иштери күз-кыш мезгилдерине даярдыктар көрүлүп жаткандыгына байланыштуу жүргүзүлүп жатат.