Аскер Сакыбаева: “Кыргыз тилин башка улуттар эмес, кыргыздар өздөрү бузуп жатышат”

“Кыргыз тилин дунгандар эмес, орустар эмес, кыргыздар өздөрү бузуп жатышат”,- деп айтты бүгүн, 22-майда кыргыз тилдүү гезит-журналдардын кызматкерлеринин жана редакторлорунун катышуусундагы тегерек столдун жүрүшүндө "Жаңы агым" гезитинин редактору Аскер Сакыбаева. 

Анын айтымында, учурда кыргыз тилинин абалы начар. “Басылмаларда, телеберүүлөрдө журналисттер кыргыз тилиндеги сөздөрдү колдонбой эле, башка тилдин сөздөрүн ылайыкташтырышат. Кыргыз адабий сөзүн байытпай жүргөнүбүз абдан өкүндүрөт”,- деди ал.

“Мисалы, орус тилиндеги “установить личность” деген сөздү “аты-жөнүн тактоо” дегендин ордуна “өздүгүн тактоо” деп туура эмес жазышат. “Бутуна туруп кетти” деген сөз да бүгүнкү күнү жакшы мааниде колдонулууда. Бирок бул сөз мурда жаман мааниге ээ болчу”,- деп түшүндүрдү Сакыбаева
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aikol87
2014-05-22 17:18:45
туура айтат,озубуз киргиз болуп алдык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан