Токтогул районунун акими Токтосун Барманов ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Артём Азнаурян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда жергиликтүү өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жолугушууда улуттар аралык мамилени бекемдөө, ар кандай диний уюмдардын ортосундагы чыр-чатакты болтурбоо багытында бири-бирине көмөктөшүп, чогуу кызматташуу боюнча сүйлөшүү болду.
Ошондой эле ЕККУнун колдоосу астында “Ынтымак жарчыларынын” райондогу тобу менен «Мониторинг жүргүзүү жана аналитикалык отчётторду жазуу” деген темада тренинг өткөрүлдү. Аталган тренингге ынтымак жарчылары, райондук ИИБдин кызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациянын жооптуу кызматкерлери катышты.
“Мындан ары да ЕККУнун өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, улуттар аралык маселелерди чечүүдө кызматташтыкта иш алып баруу жагын макулдаштык”,- дейт Т.Барманов.