Бүгүн, 29-майда 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Балдарга кубаныч тартуулайлы!” аттуу кайрымдуулук акциясы уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жалпысынан 10 бала бакчанын жана 3 мектептин тарбиялануучулары үчүн майрамдык маанай тартууланды. Ошондой эле аларга оюнчуктар, белектер жана таттуулар берилди.