Бүгүн, 29-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгы “Ала-Тоо” аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди.
Алгач Бишкек гарнизонунун кошуундары, аскердик бөлүктөрү жана аскердик мекемелердин параддык бөлүкчөлөрү Чүй проспекти менен Манас проспектисинин кесилишинен борбордук аянтка чейин ырдап өтүштү. Андан соң оркестрдин коштоосунда салтанаттуу кече башталды. Жоокерлер кармаш күрөшүнүн ыкмаларын, туткунга түшкөндөрдү бошотуу боюнча тактикалык эпизоддорун, чалгын тозоттун жергиликтүү аймагын тазалап чыгуу боюнча аракеттерин, артиллериялык бөлүкчөлөрдүн ок атуу позициясындагы жана аны калтыруудагы сабактарын, куралдуу жана куралсыз кармашуу ыкмаларын, чек араны бузгандарды кармоо жана артына түшүүдөгү чек арачылардын иш-аракетин, из куучу иттердин иштерин көрсөтүштү.