Баткенде дин иштери боюнча облустук конференция болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы
Дилара Парпиева билдирди.
Дин тармагындагы мамлекеттик саясат маселеси каралган конференцияда КРнын дин иштери боюнча түштүк аймагындагы бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаков февраль айында өткөрүлгөн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү Коргоо кеңешинин отурумунда каралган бир топ маселелерге токтолуп өттү. Ошондой эле КРны 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүүнүн программасына ылайык, дин боюнча жаңы концепциялар кабыл алынып, азыркы учурда талкууда экенин кошумчалады.
Ошону менен катар Баткен облусундагы диний уюмдардын ишин жөнгө салуу, Дин иштери башкармалыгынын милдеттерин так аткаруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу, "Таблиг" жамаатынын ишин иликтөө, аны туура багытка буруу, түп тамыры менен жакшыртуу сыяктуу маселелер бар экенин белгилеп өттү.
Мындан сырткары акыркы жылдары дин тармагында бир топ мыйзам бузуулар болгондугу, радикал жаштар тобунун аракеттери, Сириядан атайын даярдыктан өтүп келген жарандар, экстремисттик уюмдар тарабынан мыйзамдын бузулуп жатышы айтылды.
Иш-чарага КРнын дин иштери боюнча түштүк аймагындагы бөлүм башчысы Курбаналы Узаков, Кыргызстан мусулмандар муфтийинин орун басары Равшан Эратов, облустук казыят башчысы Жусуп Балтабаев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана облустук медреселердин жетекчилери, райондук мечиттердин имамдары, ошондой эле күч структураларынын жетекчилери катышты.