Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгы жаңы имараттуу болду 

Баткен шаарында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын эки кабаттуу имаратынын ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Ачылыш аземине ММК фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директору Курбанбек Камчы уулу, ММК фондунун төрайымы Гүлмира Шакирова, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана тиешелүү медицина кызматкерлери катышты.
Министр Динара Сагынбаева ачылыш аземи менен куттуктап, жаңы ачылган имарат Баткен жергесинин саламаттыкты сактоо тармагына чоң салым кошоруна ишендирип кетти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан