Куралдуу күчтөрүнүн 22 жылдыгына карата Баткен согушуна катышып келген жалал-абаддык 10 ардагерге Баткен согушунун Республикалык Союзу тарабынан ордендер тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Аларды Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Таирбек Чойбеков куттуктап, шаардык мэриянын Ардак грамоталарын тапшырды. «Дайыма эли-жериңиздерди коргогон эр азамат жоокерлерден болуңуздар» деген каалоосун билдирип өттү ал.