Бишкекте бүгүн “Чылымды момпосуйга алмаштырабыз” деген аталышта акция өтөт

Бүгүн, 30-майда Бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнүнө карата Бишкекте “Чылымды момпосуйга алмаштырабыз” деген аталышта кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулары кабарлашты.

Жаштарды чылымсыз жана сергек жашоого үгүттөөгө багытталган иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар тамеки чеккендерге момпосуй берип, чылымдары менен алмашат. Жыйынтыгында топтолгон тамекилер өрттөлөт.

Саат 10:00дө филармонияда башталган акция 15:00дө Эркиндик бульварында уланат. Ал эми "Ататүрк" сейил багында 14:00дө башталат. Ошондой эле 16:00дө Түштүк дарбаза аймагында болсо, туура 18:00дө акциянын катышуучулары Жаштар аллеясында чогулушат. Ага катышып жаткан волонтёрлордун саны 70ке барабар. Акция бардык волонтёрлордун чогулуп, топтолгон чылымдарды өрттөөсү менен жыйынтыкталат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lily27
2014-05-30 12:28:33
Кайсы жакта отот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан