Бүгүн, 30-майда Бишкектин "Ош базарындагы" “Берекет” жана “Ала-Арча” рынокторунда КРнын Салык кызматынын инспекциясы мыйзамсыз сатылып жаткан спирт ичимдиктери боюнча рейд жүргүздү. Ага журналисттер катышып, алардын арасында SUPER.KG порталынын кабарчысы да болду.
Рейд “Берекетте” башталып, бул жерде “бир нече жолу укук бузуп алкоголдук ичимдик саткан” деп эсептелген жайлар жабык болгону таң калтырды. Демек, рейд жөнүндө маалыматты кимдир бирөө алдын ала билдирген. Ошентип, “Берекет” рыногунда мыйзам бузуучуну колунан кармоого мүмкүн болбоду.
Андан соң салык инспекторлору жана журналисттер “Ала-Арчага” жөнөштү. Рейд жөнүндө маалымат бул жакка жетпей калганбы, айтор, алкоголдук ичимдиктерди сатуучу эки жайдын ээлери бар болду. Аракты аныкталган чекене баадан төмөн баа менен саткандыгы үчүн аларга административдик чара каралат.
“КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, арактын жарым литринин эң арзан чекене баасы 70 сомго барабар. Ал эми колго түшкөн сатуучулар аракты 60-65 сомдон сатып жатышыптыр. Мындан тышкары алардын бирөөсүнүн жанында алкоголдук ичимдиктерин сатууга лицензиясы жок экени белгилүү болду”,- деди КРнын Салык кызматынын ага салык кызматчысы Алмаз Мамбетов.