Кен байлыктарды иштетүү боюнча аукцион белгисиз мөөнөткө жылдырылды
Бүгүн саат 14.00дө КТРКнын имаратында кен байлыктарды иштетүү боюнча аукцион болбой калды. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин айтымында, КРнын кен байлыктарды колдонуу боюнча акыркы өзгөртүлгөн мыйзамдары менен таанышып чыгуу үчүн аукцион өткөрүлгөн жок. Аукцион качан өтөрү так айтыла элек.