Маалыматка ылайык, жаза алган кызматкерлер 2014-жылдын биринчи чейрегине карата салык жыйноодо планды аткара алышкан эмес. Алардын ичинен 11ине катуу сөгүш, 37 кызматкерге сөгүш, ал эми 31ине эскертүү берилген. Салык кызматынын жетекчилиги мындан ары ай сайын план текшерилерин, аны аткара албаган кызматкерлер жумуштан бошотуларын эскертти.