Бишкекте 50 орунга эсептелген социалдык оорукананын курулушу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш долбоору Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылат. Аталган долбоорду талкуулоо жана ага каражат бөлүү максатында Түркия өкмөтүнүн өкүлдөрү июнь айында келишмекчи. Оорукананын курулушу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы шаардын Ю.Фучик көчөсүнөн 0,52 гектар жер тилкесин бөлүштүргөнү маалым.
Ошондой эле мэрия тарабынан курулуштун инженердик-техникалык шарттары боюнча тиешелүү документтер даярдалып бүттү. Түрк тараптан оорукананын курулушунун долбоорлоо жана куруу иштерин жүргүзүүгө тендер өткөрүлдү.