Ысык-Көл облусунда жомоктордун жана мультфильмдердин каармандарын пластилинден жасаган 10 жашар кыз Маргарита Беккердин көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда аталган облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара Балдарды коргоо күнүнө карата өтүүдө. Көргөзмөнү 1-июнга чейин К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында көрүүгө мүмкүн. Ысык-Көл облусундагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевдин буйругу менен М.Беккерге 10 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.
Таланттуу 10 жашар Маргарита Беккер Каракол шаарынын тургуну. Тилекке каршы, ал кан илдети менен ооруйт.