Баткен облусунда Балдар күнүнө арналган иш-чаралар өттү

Баткен районунун чек аралаш аймактарында 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Сейит Абдырахманов балдарды майрамы менен куттуктап, аларга өкүлдүн атынан баалуу белектерди тапшырды.

Ошондой эле Самаркандек айылындагы "Үмүт" майып балдарды коргоо борборунан 25 балага белектер жана таттуулар таратылды. Балдардын майрамына карата Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарында Баткен облусунун музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан театрлаштырылган оюн-зоок кечеси  тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
samira.0907
2014-05-30 23:08:20
Мындай иш чараларды коп- коптон уйуштуруп турса ыраазы болот элек.Майып балдардын козундогу умут шооласы эч качан очпосун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан