Бишкекте Балдарды коргоо күнүнө карата жетим балдарга оюн-зоок тартууланды 

Бишкекте 30-майда Балдарды коргоо күнүнө карата жетим балдарга арналган оюн-зоок программасы уюштурулду. Бул тууралуу “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фондунан Хабиб Арзыкулов билдирди.

Белгилүү болгондой, ички иштер органдарынын коштоосунда өткөн иш-чара азыркы тапта соңуна чыгып, оюн-зоокко катышкан балдар үйүнө жеткирилүүдө.

"5 жаштан 10 жашка чейинки 200гө жакын баланы Чүй облусундагы балдар үйүнөн майрамга карата уюштурулган иш-чарага чакырдык. 15 лимузин балдарды акысыз шаар кыдыртып жүрүштү. Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери коштоп, автоунаа менен жетим балдар жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарын "Асанбай" сейил багы тарапка алып барышты. Балдар сейил бакта каалаганча көңүл ачышты, демөөрчүлөрүбүздүн атынан майрамдык түшкү тамак берилди. Сейил бактан кайра «Манас» кинотеатрына келип, аларга мультфильм көрсөтүлдү",- деди Арзыкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан