Бүгүн, 31-майда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү башкармалыктар менен түз байланышта коллегия өткөрөт.
Иш-чарада КРнын ӨКМнын башчысы Кубатбек Боронов, КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жана аталган министрликтин башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышат. Коллегия вице-премьер-министр А.Маматалиевдин төрагалыгынын астында өтөт.
Иш-чарада КРнын ӨКМнын 2014-жылдын 4 айынын ичиндеги ишмердүүлүгү талкууга алынат. Мындан тышкары 2017-жылга чейин КРдагы гидрометеорология ишин өнүктүрүү концепциясынын долбоору, республиканын аймактарында “Жашыл” долбоору, коррупцияга каршы күрөшүү жана министрликке тиешелүү бир топ маселелер каралат.