Куткаруу кызматы тарабынан 4 ай ичинде 107 адамдын өмүрү сакталган

ӨКМнын Куткаруу кызматтары тарабынан 4 ай ичинде 107 адамдын өмүрү куткарылган. Анын ичинде жол кырсыгынан – 50 адам, экстремалдык абалда – 57 адам. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн, 31-майда коллегиялык жыйында билдирди. 

Анын айтымында, жалпысынан 272 адамга, анын ичинде 62 адамга дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайда калган 21 адамга жардам көрсөтүлдү жана 198 адамга жабылып калган имараттарды ачууда жардам берилген.

“Практикалык жардам берүүдөн сырткары Куткаруу кызматтары тарабынан муктаж болгон 3632 жаранга телефон аркылуу кеңештер берилген. Жыл башынан бери 71 жолу жол кырсыгына, 10 жолу өрт кырсыгына жана 234 ар түрдүү кырсыктарга чыгуу катталган”,- деди министр К.Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан