“2014-жылдын 4 айында республика боюнча 1287 өрт кырсыгы катталып, өрт кырсыгынан 90 миллион 844 миң сом материалдык зыян келтирилди”,- деп айтты өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, өрттөн улам каза болгон адамдардын саны 34 болсо, анын ичинде бирөөсү өспүрүм бала. Өрт кырсыгы учурунда 126 адам куткарылган. Ал эми тилсиз жоодон 19 адам жабыркаган.
Айта кетсек, бүгүн, 31-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коллегиялык жыйын болуп жатат.