29-31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундары “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы уюштурган акысыз медициналык кароодон өтүштү. Бишкектен барышкан тажрыйбалуу дарыгерлер тобу заманбап медициналык жабдыктардын жардамы менен жергиликтүү элди текшеришти.
Кардиологиялык текшерүү өткөн Кыргыз-Кыштак айылы облус борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкандыгына карабастан, жергиликтүү жашоочулардан сырткары Баткен, Ноокат райондорунан жана жанаша жайгашкан айылдардан келип кароодон өткөндөрдүн саны арбын болду. Борбордон келген кардиологдордун жетекчиси Абдимиталип Халматовдун айтымында, бул аймакта жүрөк-кан тамыр оорусунан жапа чеккендер көп кездешет. Буга айыл жергесинде медициналык кызматкерлердин жетишпей жаткандыгы себеп болууда.
“Жүрөгүңдү сакта” деген аталыштагы акциянын негизинде биз биринчи жолу Баткен облусуна келип отурабыз. Эки күндүк медициналык кароодо эле бир канча бейтапты ооруканага жибердик, дагы бир канчасын Бишкекке толук кандуу текшерүүдөн өткөрүү үчүн чакырдык. Бул оорулуулардын саны жогору экендигинен кабар берет. Ошондуктан жакынкы аралыкта Баткендин башка аймактарын кыдырууну максат кылып жатабыз”,- дейт медицина илимдеринин кандидаты Абдимиталип Халматов.
Буга чейин Кыргызстандын башка аймактарында “Жүрөгүңдү сакта” аталышындагы акцияны демилгелеп келген “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын Кадамжай райондук координатору Анвар Билаловдун айтымында, мындай иш-чаранын уюштурулушуна жергиликтүү элдин суроо-талабы себеп болгон.
“Биз айылдарды кыдырып жүргөндө көпчүлүк кардиологдордун келишин суранышты. Анткени жер иштетип, эптеп тирилик кылган карапайым элдин борборго барып текшерилүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан биздин негизги максат - айыл жергесин көтөрүү. Качан гана элет турмушун жакшыртканыбызда гана өлкө өнүгөт”,- дейт Анвар Билалов.
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы өзүнүн медициналык стратегиясына ылайык, Кыргызстан элинин орточо өмүр узактыгы учурдагы 68 жаштан 80 жашка чейин узаруусуна умтулат жана ага керектүү чараларды көрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата партия уюштурган медициналык кароодон 10 миңден ашуун кыргызстандык өтүп, алардын жардамга муктаждары көзөмөлгө алынып, адистер акыбалын сурап байланышып турушат.