Алайда буулган жол дале ачыла элек

Алайда буулган жол дале ачыла элек. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 31-майда билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турушат. Кечээки жамгырдан кийин ал жерге дагы 3 боз үй тигилди. Жолдун эки жагында 60ка жакын оор жүк ташуучу унаа бар. Алардын көпчүлүгү Кытайдан келе жаткандар.

Айта кетсек, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Ахматбек Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
91mele
2014-06-01 03:49:31
ачбагыла качан акматбекти бошоткондо ачасынар
+3
mansurhan
2014-06-01 11:06:37
жол тоскон кудайга жакпаган иш,маселени чечуунун башка жолу бардыр?
0
Suiorbek
2014-06-02 00:24:31
mansurhan,башка жол менен унун жетпейт жогору жактагыларга
0
Akabai
2014-06-01 16:50:38
Айласы жоктон ушул ишке барып жатышат да болбосо бийлик карапайым элдин унун угуп койчу беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан