Алайда жол буулгандан бери жүк ташуулар төмөндөп, баалар жогорулоодо. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 31-майда билдирди.
Маалыматка караганда, жол тосуунун кесепетинен салык чогултуу азайган. “Кара-Суу”, “Баткен”, “Халмион” базарларындагы ишкерлерден, жергиликтүү тургундардан жолду ачып берүү боюнча арыздар түшүүдө. Сырттан ташылып келген товарлардын баалары кымбаттай баштаганы байкалууда.
Айта кетсек, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Ахматбек Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан.