Бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган “Эгиз бөбөк” сынагы жыйынтыкталып, калыстардын добушунун негизинде 6 жаштагы Аспандияр менен Райдияра жеңишке ээ болушту. Алар улуттук кийимдерди кийип чыгып, "Кара жорго" бийин тартуулашты.
Ал эми 2-орунду Ширин менен Жасмин ээлесе, 3-орун ээлери Аэлина менен Аэлита болду. Жеңүүчүлөр сынакты уюштурган “Супер-Инфо” гезитинин жана Super.kg порталынын атайын белектери менен сыйланышты. Андан тышкары бардык катышуучулар бекер балмуздак алышып, эстрада ырчылары менен эстеликке сүрөткө түшүштү.