Ош. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Алай районунда майрамдык иш-чара өттү

1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Алай районунда майрамдык иш-чара өттү. Ага райондун аймагынан 500гө жакын бала катышты. Бул тууралуу райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын төрагасы Шерик Жапанов, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Таиров катышып, жаш жеткинчектерге кең келечек каалашты.

Соңунда аким Таалайбек Сарыбашов тарабынан жаш жеткинчектерге баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле Гүлчө айыл өкмөтүндөгү ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар, калктын аялуу катмары болгон жакыр үй-бүлөнүн балдары жана жардамга муктаж, турмуш шарты оор балдар демөөрчүлөр тарабынан белектерге ээ болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida2013
2014-06-02 03:51:12
эч неседен кабары жок ырдап бийлеп жургондорун эмне дейбиз бобокторго бекм ден соолук жана дагы бактылуу балалык !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан